Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:11

Ош тургундары коопсуздук маселесине кабатыр


Ош шаарында коопсуздук маселесин талкуулаган жыйында шаардын бир катар тургундары аймакта жүрүп жаткан имиштерди тактоо талабын күч түзүмдөрүнүн жетекчилерине айтышты. Айрым тургундар эл арасында “тополоң башталат” экен деген имиштерди тактоо талабын коюшту. Жыйынга катышкан Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрага орун басапы Марат Иманкулов мындай аракеттерге негиз жок экендигин, кырдал тынч экендигин белгиледи. Мындан сырткары элди ар кыл провокациялык ушак-айыңдарга ишенбөөгө чакырды.

Коопсуздук маселеси талкууланган бул жыйынга жергиликтүү тургундар, күч түзүмдөрүнүн жетекчилери, бийлик өкүлдөрү катышты. (KKs)

XS
SM
MD
LG