Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:58

Турсункулов сотто өлкө чек арасынан чыкпаганын айтты


Апрель окуясы боюнча өтүп жаткан соттук териштирүүдө качып кетти делген мурдагы баш прокурор Нурлан Турсункулов көрсөтмө берип, Кыргызстандагы эч бир бажыдан, чек арадан өтпөгөнүн билдирди. Мындан сырткары мурдагы президенттин катчылыгынын башчысы Оксана Малеваная, президенттик администрациянын мурдагы жетекчиси Каныбек Жороевдер кайда экенин билбей турганы айтты. Ал эми ноябрь айындагы соттук териштирүүгө келбей койгонун, ошол учурда кимдир бирөөлөр тарабынан ага жасалган кысым менен түшүндүрдү. Кысым жасаган адамдардын атын атоодон баш тартты.

Жапырт адам өлтүрүүгө көмөктөшкөн деген айыптар коюлган мурдагы баш прокурор Нурлан Турсункулов, мурдагы президенттин катчылыгынын башчысы Оксана Малеваная, президенттик администрациянын мурдагы жетекчиси Каныбек Жороевдер өткөн жылдын 22-ноябрында апрель окуясы боюнча сот жараянына келишкен эмес. Андан соң алар үй-бүлөлөрү менен качып кеткени анык болгон. Мындан улам аларга издөө жарыяланып, камакка алуу боюнча сот өкүмү чыккан болчу. Бирок жакында анын жактоочусу Виталий Остриков Турсункуловду камакка албай, үй камагына чыгаруу өтүнүчү менен Бишкек гарнизондук аскер сотуна кайрылган. Сот бул өтүнүчтү март айында карап, Турсункуловду үй камагына алуу чечимин чыккан. Андан соң гана Турсункуловдун кайтып келгени кабарланган. (KKs)

XS
SM
MD
LG