Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:36

Үч миңдей улан аскерге чакырылат


Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы маалымдагандай, ушул жазда 3000 адамды аскерге чакыруу пландалып жатат. Мындан сырткары 22000ге жакын уландар альтернативдик кызмат өтөөгө чакырылмакчы. Альтернативдик кызмат өтөө үч жылга созулат. Бул мөөнөт үчүн 12 миң сом төлөнүүгө тийиш.

Уландар 2008-жылы киргизилген кызмат өтөөнүн жаңы түрү аркылуу да аскердик билетке ээ боло алышат. Ага ылайык, Коргоо министрлигине 12 миң сом төлөө аркылуу 22 күндүн ичинде аскердик даярдыктан өтүүгө болот. Министрликке төлөнгөн каражат уландын аскердик даярдык учурундагы чыгымдарына жумшалат. Ушул жазда кызмат өтөөнүн бул түрүнө да 3000дей адамды алуу пландалууда. (KKs)

XS
SM
MD
LG