Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:21

Жапониядан Кыргызстан учагы аркылуу 90 адам келе жатат


Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан “Азаттыкка” маалымдашты. Ага ылайык, зилзала болгон Жапониядагы кыргыз жарандарын алып келе турган учак Токиодон Бишкекке сапар алды. Бул учак аркылуу келе жаткан 90 адамдын ичинде Кыргызстандын 84 жараны, Өзбекстандын 2, Казакстан менен Тажикстандын 1ден жараны бар. Мындан сырткары кыргызстандык үй-бүлөлөрдүн мүчөлөрү болгон 2 жапон жараны бар. Учак алгач Бээжинге учуп келип, кечки саат он чамасында Бишкекке келери күтүлүүдө. Буга чейин зилзала болгон Жапониядан 21 кыргыз жараны Казакстан аркылуу кайтып келген. Жапонияда 130 чамалуу кыргызстандык калганы айтылган. (KKs)

XS
SM
MD
LG