Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:26

НАТО Каддафи күчтөрүнөн козголоңчуларды коргоо жолун аныктайт


НАТО жана башка өлкөлөр Ливиянын аба мейкиндиги боюнча Улуттар Уюму кабыл алган резолюцияны кантип аткаруунун жолдорун караштырууда. Муаммар Каддафинин күчтөрү анти-өкмөтчүл козголоңчуларга авиациядан сокку уруусун болтурбоо үчүн 17-мартта БУУнун Коопсуздук Кеңеши Ливиянын аба мейкиндигин учактар үчүн жабык деп жарыялаган. Резолюция жарандарды Каддафинин аба чабуулунан коргоо үчүн “бардык зарыл чараларды” колдонууга уруксат берет.

НАТОнун өкүлүнүн маалымдашынча, альянска мүчө өлкөлөрдүн элчилери Коопсуздук Кеңешинин чечимине ылайык көрүлчү чараларды бүгүн талкуулашат.

XS
SM
MD
LG