Бүгүн, 18-мартта Бахрейндин байтакты Манамада 16-марттагы анти-өкмөттүк тополоң маалында өлгөн Ахмед Фрхан жайга берилди. Падышалыкта анти-өкмөттүк толкундоолорго байланыштуу өзгөчө кырдаал абалы жарыяланып, коомдук жайларга чогулууга тыйуу салынганына карабастан тажияга жүздөгөн бахрейндиктер келишти. Шаршемби күнү Манаманы демонстранттардан күч менен тазалоо маалындагы кагылышта үч адам набыт болгон.