Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:01

Пакистанда анти-америкалык демонстрациялар өттү


18-мартта миңдеген пакистандыктар көчө жүрүштөрүнө чыгышып, Кошмо Штаттарга каршы ураандарды кыйкырышты. Алар пакистандык эки жаранды өлтүргөн АКШнын чалгындоо агенттигинин кызматкери Раймонд Дэвистин койо берилгенине нааразылык билдиришти. Дэвис Лахордо өлтүрүлгөн эки адамдын үй-бүлөсүнө 2 миллион доллар кун төлөгөндөн кийин 16-мартта эркиндикке чыгарылган болчу.

17-мартта уруулардын башкаруусундагы Түндүк Вазиристан регионунда АКШлык пилотсуз учактын чабуулунан 365 киши набыт болгон. Буга байланыштуу жергиликтүү уруулардын 1 миңден ашуун өкүлү набыт болгон адамдарга компенсация төлөп берүүнү жана пилотсуз учактардын чабуулун токтотууну талап кылышкан.

Пакистан өкмөтү жана аскерий жетекчилиги болсо АКШнын кечирим суроосун талап кылды.

XS
SM
MD
LG