Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:04

Каддафинин өкмөтү Ливияда ок атуулар токтотулганын жарыя кылды


Ливиянын өкмөтү өлкөдө ок атуулар токтотулганын жарыя кылды. Андан мурдараак БУУнун Коопсуздук Кеңеши Ливиянын аба мейкиндигин “ учууга мүмкүн эмес зона” деп жарыялаган эле. БУУнун Коопсуздук Кеңеши 17-мартта кабыл алган резолюция ливиялык жарандарды Муаммар Каддафиге ишенимдүү күчтөрдөн коргоо үчүн эл аралык коомчулукка “бардык зарыл чараларды колдонууга” уруксат берген.

18-мартта Ливиянын тышкы иштер министри Муса Куса Ливия Улуттар Уюмунун мүчөсү катары Коопсуздук Кеңешинин резолюциясына баш ийерин билдирди: “Ошентип, Ливия ок атуулар токтоосуз токтотулсун жана аскерий операциялар токтосун деп чечти”.

Ливия мындай кадамды Батыш өлкөлөрү жана НАТО кезексиз жыйынга чогулуп, Ливиянын аба мейкиндиги боюнча БУУ кабыл алган чечимди аткаруунун жолун талкуулап жатканда жасады.
Соңку маалыматтарга караганда, Ливиянын батышындагы Мисрата шаарында аскерлер менен Кадафинин 40 жылдык бийлигине каршы чыккан көтөрүлүшчүлөр салгылашууда.

XS
SM
MD
LG