Йеменде анти-өкмөттүк толкундоолор уланууда. 18-мартта өлкө борбору Санаада жума намаздан кийин Улуттук университеттин алдына демонстрацияга чыккан элге коопсуздук күчтөрү менен өкмөттүн тарапкерлери аткан октон кеминде 30 киши өлүп, 100дөй адам жарадар болду.
Санаада жана башка шаарларда бир айдан ашык мезгилден бери өлкөнү 32 жыл башкарган Али Абдулла Салини президенттиктен кетүүсүн талап кылган демонстрациялар өтүүдө.
Санаада жана башка шаарларда бир айдан ашык мезгилден бери өлкөнү 32 жыл башкарган Али Абдулла Салини президенттиктен кетүүсүн талап кылган демонстрациялар өтүүдө.