Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:50

Жапониядан 84 кыргызстандык кайтып келди


18-мартта түнкү саат он экиге чукул Кыргызстандан Жапонияга жөнөтүлгөн учак 90 жүргүнчү менен Бишкекке келип конду. Бул учак менен Кыргызстандын 84 жараны, Өзбекстандын 2, Казакстан менен Тажикстандын бирден жарандары жана кыргызстандык үй-бүлөлөрдүн мүчөлөрү болгон 2 жапон жараны кайтып келишти. Аларды Бишкектеги “Манас” аба майданында жакындары, журналисттер тосуп алышты.

Тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Айтмурзаевдин “Азаттыкка” билдиришинче, гуманитардык жардам алып барган бул учак менен Жапониядагы кыргызстандыктар өз эрки менен келишти. Азыр Жапон өлкөсүндө кеминде 40-50 чамалуу кыргыз жарандары бар. Алар кырсык болгон аймактардан алыс болгондуктан өз ыктыяры менен Жапонияда кала тургандыгын билдиришти. Кыргызстандын таза суу, чатыр, жууркан-төшөктөрдөн турган гуманитардык жардамы болсо зилзала болгон Мияги префектурасына берилет экен.

Күчү 9 баллга чейинки зилзаланы башынан өткөргөн Жапониядан буга чейин 21 кыргызстандык кайтып келген. (KKs)

XS
SM
MD
LG