Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:36

Орусия Кыргызстанга бажы төлөмүсүз күйүүчү май берүүнү улантат


Бул тууралуу орус премьер-министри Владимир Путин Кыргызстан өкмөт башчысы Алмазбек Атамбаев менен 18-мартта Москвада өткөн жолугушуусунда билдирди. Анда Путин Орусия Кыргызстандын абалына түшүнүү менен мамиле кылаарын айтып, кыргыз өкмөтүнө 30 миллион доллар өлчөмүндөгү пайызсыз кредит берүү пландалып жатканын белгилеген. Өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдагандай, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Атамбаев, Кыргызстан тышкы карызын кечүү үчүн Орусияга “Дастан” ачык акционердик коомунун 48 пайыз акциясын жана Бишкектеги имаратын берүүгө даярдыгын билдирди.

Орус өкмөтү 2010-жылдын апрель айында Кыргызстанга сатылып жаткан күйүүчү майдын тоннасына 200 доллар өлчөмүндө кошумча бажы төлөм төлөө тартибин киргизген. Бул Кыргызстанда күйүүчү майга болгон баанын кескин кымбатташына алып келген. Өткөн жылдын аягында Атамбаев Путин менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөндөн кийин, Орусиядан келе турган күйүүчү майларга бажы төлөмү алынаары кабарланып, Кыргызстанда күйүүчү майлардын баасы кайра түшкөн. Март айында күйүүчү май кайрадан кошумча бажы төлөмү менен келип жатканы кабарланган. (KKs)

XS
SM
MD
LG