Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:55

Отунбаева: Авторитардык моделди кайтарбоо үчүн бардык аракеттер жасалат


Бишкектеги Кыргыз-Түрк “Манас” университетиндеги парламенттик демократияны талкуулаган симпозиумда мамлекет башчы Роза Отунбаева сөз сүйлөп, Кыргызстанга авторитардык башкаруунун алдын алуу үчүн бардык чаралар көрүлөрүн белгиледи. Акыркы мезгилде парламенттик көпчүлүктү түзгөн коалициянын тегерегиндеги маселелер табигый көрүнүш экендигин билдирип, мындай көрүнүштөрдү өлкөдөгү саясий маданияттын калыптануу жараяны катары баалады. “Парламенттик система – бул жаңы түзүлүштүн жолу. Бирок Кыргызстан жарандары ушул жолду, анын азыр байкалып жаткан бардык «сюрприздерине» карабастан басып өтүшүбүз керек”, - деп билдирди Отунбаева. (KKs)

XS
SM
MD
LG