Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:19

ТИМ кыргыз жарандарын Йеменден чыгып кетүүгө чакырды


Йеменде каршылык акциялары токтобой, 18-мартта өзгөчө кырдаалдар жарыяланганына байланыштуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги аталган өлкөдөгү кыргыз жарандарын мүмкүнчүлүгү болсо өлкөдөн чыгып кетүүгө үндөдү. Министрлик Кыргызстанда жүргөн жарандарды азырынча Йеменге сапар албоого чакырууда. Министрликтин басма сөз кызматынан билдиришкендей, толкундоолор болуп жаткан Йемен өлкөсүндө 29 кыргыз жараны бар экендиги катталган. Алардын ичинен жабыр тарткандар жок. Ушул тапта Сауд Арабиясындагы Кыргызстандын элчилигинде атайын телефондор иштеп жатат: +96612293272, +966567013464.

Йемендин Санаа жана башка шаарларында бир айдан ашык мезгилден бери өлкөнү 32 жыл башкарган Салинин президенттиктен кетүүсүн талап кылган демонстрациялар өтүүдө. (KKs)

XS
SM
MD
LG