Линктер

жекшемби, 22-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 14:38

Каддафинин күчтөрү Бенгазинин жака-белине кирип келди


Ливиянын чыгышындагы козголоңчулар көзөмөлдөгөн шаарга чабуулду ири мамлекеттер «өкмөт өзү жарыялаган ок атышууну токтотуу келишимин бузуу» деп айыпташууда. Ливиялык козголоңчулардын маалымат кызматына ылайык, Каддафинин аскерлери батыш тараптан чабуулга өтүп, кечээ түндөн бери шаарга ок жаадырып жатат. Ливиянын өкмөтү «аскерлер коргонууга мажбур болуп, бирок убактылуу элдешүүнүн шартын бузган жок» деп ырастады.

XS
SM
MD
LG