Франциянын президенти Николя Саркози бүгүн Париждеги европалык, америкалык жана араб лидерлери менен жолугушуудан кийин сүйлөдү:
– Биздин күчтөр полковник Каддафинин Бегазинин элине каршы ар кандай чабуулуна каршылык көрсөтөт. Биздин учактар шаарга абадан кол салууну алдын алууга киришти. Дагы башка француз учактары куралсыз карапайым адамдарга коркунуч келтире турган танктарга каршы кийлигишүүгө даяр.
Париж жыйынындагы биргелешкен билдирүүнүн авторлору Каддафиден согуштук аракеттерин токтотуп, өлкөгө гуманитардык жардамдын келишине жол ачууну талап кылышты.
Кабарларга караганда, бир нече француз тыңчы учактары Ливиянын үстүндө жүрөт, ал эми Дания, Канада АКШ сыяктуу өлкөлөрдүн учактары Италиядагы жана башка өлкөлөрдөгү аба бекеттерине учуп келишүүдө. Бүгүн Каддафинин аскерлери чабуул жасаган Бенгазиден эл качып жаткандыгы кабарланган.