Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:36

Келишимдик негиздеги аскер кызматкерлерин көбөйтүү аракети жүрүүдө


Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы маалымдагандай, мындай аракеттер куралдуу күчтөрдү реформалоонун алкагында кесипкөй армияны түзүү үчүн жасалууда. Маалыматка ылайык, азыр өздүк курамдын 70 пайызын келишим боюнча аскердик кызмат өтөгөндөр түзөт. Кыргызстандын түштүгүндөгү аскердик кошуундар жана бөлүктөрдө алар 90 пайызды камсыз кылат. Мындан ары күжүрмөн тапшырмаларды аткарууга мөөнөттүү аскер кызматынын жоокерлери тартылбайт. Алардын ордуна келишимдик негиздеги аскер кызматкерлери иш алып барат. (KKs)

XS
SM
MD
LG