Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:48

Баткенде эркин экономикалык аймак түзүлүшү мүмкүн


Жогору Кеңештин депутаты Назаралы Ариповдун “Азаттыкка” билдиришинче, ушул тапта парламенттеги “Республика” жана “Ата-Журт” фракциялары Баткенде эркин экономикалык аймак түзүү боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыгууда. Бул долбоор аталган өрөөндө ишканаларды ачып, элди жумуш орду менен камсыз кылууну көздөйт. Мындан тышкары Баткенде күч болуп жаткан ички жана тышкы миграциянын агымын токтотуп, аймакка инвесторлорду тартуу да негизги максаттардын бири. Маалыматка ылайык, жакынкы айларда аталган эки фракция мыйзам долбоорун иштеп чыгып, Жогорку Кеңештин тиешелүү комитеттерине жөнөтөт. Комитеттерде долбоор жактырылса, парламенттин кароосуна коюлат. (KKs)

XS
SM
MD
LG