Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан “Азаттыкка” кабарлашты. Ага ылайык, Айыл-чарба министрлиги жакын арада Кыргызстандагы 472 айыл өкмөтүнө жеке менчик ветеринардык бекеттерди ачууну көздөп жатат. Натыйжада бул бекеттердин башын бириктирип, багыт бере турган ветеринардык палата да түзүлмөкчү. Учурда бул палатаны түзүү үчүн ветеринария боюнча мыйзамга өзгөртүүлөр жана толуктоолор иштелип чыгып, өкмөттүн кароосуна жөнөтүлгөнү турат.
Ветеринардык палата жана жергиликтүү ветеринардык бекеттерди ачуу демилгеси Кыргызстанда жыл сайын малдардын саны өсүп жатканына байланыштуу козголууда. Мындан сырткары бул демилгелер өлкөдөгү мал ооруларын алдын алууну көздөйт. Маалыматка ылайык, долбоорду 2013-жылга чейин Дүйнөлүк банк колдоого алып, 120 миң доллар бөлө турган болду. (KKs)