Линктер

шейшемби, 27-июнь, 2017 Бишкек убактысы 08:05

Фукусима Дайичиде экинчи реакторго электр кубаты берилди


Фукусима Дайичи өзөктүк ишканасындагы экинчи реакторго электр кубаты берилип, масштабдуу кризисти болтурбоо үмүтү күч алды.
Жапониянын зилзала жана цунамиден (топон суудан) ойрондолгон өзөктүк кубат бекетиндеги жумушчулар бүгүн алты реактордун экинчисине электр жеткиришти.
Ушундан улам, ишкананын муздаткыч системасы кайра ишке киргизилет деген үмүт жанданды. Ядролук (өзөктүк) реакция жүрүп жаткан реакторлор жана таштанды сакталган жайлар муздатылса, кризистин көзөмөлгө алыныш мүмкүнчүлүгү бекемделет.
Мындан бир жума мурдагы жаратылыш кырсыгынан курман болгондордун саны бүгүнгө карата 8 миден ашты. Дайынсыз жоголгондор 12 миңден көп экендиги айтылууда.
Анын аралыгында, Тайван Жапониядан импорттолгон буурчактын нурлангандыгын билдирүүдө. Бул - Фукусима Дайичи өзөктүк бекетиндеги радиоактивдүү булганууга байланышкан болушу мүмкүн.

XS
SM
MD
LG