Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:48

9 жашар чемпион Феликс Айдаркеев


Голландияда өткөрүлгөн дзюдо боюнча эл аралык мелдешке катышкан 9 жашар кыргыз спортчу Феликс Айдаркеев алтын медал жеңип алды.
Дзюдо, самбо жана башка спорт түрлөрү боюнча мелдеш Голландиянын Далфсен (Dalfsen) шаарында 18-19-мартта өтүп, ага АКШ, Британия, Франция, Германия, Дания, Голландия, Чехия, Словакия, Сомали сыяктуу өлкөлөрдөн спортчулар катышты.
Феликс Айдаркеев төрт жылдан бери Прага шаарында жашайт.
Ал самбо боюнча да бир катар мелдештерге катышып, 2009-жылы Германияда өткөн самбо боюнча эл аралык мелдеште биринчи орунду алган, 2010-жылы Братиславада (Словакия) өткөн эл аралык мелдеште да алтын медал жеңип алган.
2010-жылы Чехиянын Нератовице шаарчасында өткөн самбо боюнча мелдеште да өзүн мыкты көрсөтүп, Чехиядагы самбочу балдардын арасында алдыңкы ондукка кирген. (TT)

XS
SM
MD
LG