Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:06

Фукушимада эки реакторго электр кубаты бериле баштады


Жапониянын зилзала, цунамиден жапа тарткан ядролук кубат бекетиндеги жумушчулар бүгүн алты реактордун экөөсүнө электр кубатын жеткиришти. Ушундан улам, ишкананын муздаткыч системасы кайра ишке киргизилет деген үмүт жанданды. Бирок ядролук бекеттин оператору дагы эки реакторго электр кубаты жеткенче дагы бир нече күн талап этилээрин билдирди. Ядролук реакция жүрүп жаткан реакторлор жана таштанды сакталган жайлар муздатылса, кризистин көзөмөлгө алыныш мүмкүнчүлүгү бекемделет. Мындан бир жума мурдагы жаратылыш кырсыгынан курман болгондордун саны бүгүнгө карата 8133кө жетти. Дайынсыз жоголгондор 12 миңден көп экендиги айтылууда. Бирок полиция бир эле Мийаги дубанында кош кырсык 15 миңден ашык кишинин өмүрүн алып кеткен болушу мүмкүн экендигин эскертти.

XS
SM
MD
LG