Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:02

Бүгүн - Нооруз майрамы


Бүгүн бир катар Азия мамлекеттери менен катар Кыргызстан даНоорузду майрамдашууда.

Нооруз майрамынын тарыхы биздин заманга чейинки 7-6-кылымдарга барып такалат. Бул майрам ошол доордо жашаган зороастризм дининин негиздөөчүсү Заратуштранын диндик көз карашына байланыштуу болгону айтылат. Ошол себептүү исламга чейин майрамдалып келген бул күндү Ислам дининин майрамы катары түшүнбөө керек.

Нооруз сөзү фарс тилинин “ноу” – жаңы, “рузи” – күн (жыл) деген сөздөрүнөн келип, “жаңы күн” деген маанини берет. Жаздын келишин, жаратылыштын жанданышын символ кылган бул майрамдын мекени - Иран мамлекети. Байыртадан эле Нооруз майрамынын алдында элдер түшүм мол болуусун тилек кылып, карапаларга арпа, буудай, буурчак өндүрүп, түрдүү ырым-жырымдарды жасашкан. Кийин бул майрам Борбор Азиядагы элдерге да жайылган.

Кыргыздарда бул күнү сүмөлөк, көжө сыяктуу эзелтен келаткан тамак-аштар жасалат, конок күтүлөт, “аластоо” сыяктуу ырымдар жасалат. (IJz)

XS
SM
MD
LG