Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:33

Ливияда коалициянын аскерий операциясы уланууда


АКШ расмий өкүлдөрү коалициянын соккулары Ливия лидери Мауммар Каддафинин абадан коргонуу системасын керектен чыгарганын жана согуштук учактар үчүн жабык тилке орнотулганын билдиришти. Анын алдында Ливия өкмөтү козголоңчуларга каршы ок атуу токтотулганын жарыялаган. Бирок АКШ ал калп экенин, Каддафи аскерлери аны дароо бузушканын айтууда. Жекшембиде колиция өкмөттүк аскерлердин турумдарына жана объектилерине каршы соккуларын улантты. Каддафинин Триполидеги резиденциясынын имараттарынын бири жабыркаганы кабарланууда. Ал аралыкта АКШнын коргоо министри Роберт Гейтс Ливиядагы операцияга көзөмөл кылуу жакынкы күндөрү Британия, Франция же НАТОго өткөрүлөөрүн билдирди.

XS
SM
MD
LG