Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:34

Карзай ооган аскерлерине өтчү чөлкөмдөрдү атайт


Президент Хамид Карзай бүгүн Ооган армиясынын карамагына өткөрүлүп бере турган алгачкы вилайеттер менен шаарларды атамакчы. АКШ армиясы июлдан тарта айрым аймактардагы коопсуздукту камсыздоону жергиликтүү аскерлерге өткөрө баштайт. Ушу тапта талип согушкерлерине каршы күрөшүү үчүн Ооганстанда 140 миңдей жоокерден турган чет өлкөлүк контингент жайгашкан. АКШ жана НАТО Ооган армиясы өлкөдөгү коопсуздукту 2014-жылга чейин толугу менен өзү камсыздоого кудуреттүү болот деп үмүттөнүшөт. Өткөөл процесс бара-бара ишке ашырылат жана ар бир чөлкөмдөгү коопсуздук кырдаалына көз каранды болмокчу.

XS
SM
MD
LG