Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:03

Египеттиктер конституциялык өзгөртүүлөрдү колдошту


Египеттиктер 19-мартта өткөн референдумда конституцияга алымча-кошумча киргизип, президенттик жана парламенттик шайлоолорду жыл этегинде өткөрүү сунушун колдошту. Шайлоону өктөрүү боюнча мекеменин жетекчиси Мухамед Ахмед Аттиянын айтымында, өнөктүүкө 18 жарым миллион шайлоочу же жалпы шайлоочулардын 41 проценти катышты. Алардын 77 проценти конституциялык түзөтүүлөргө макулдугун билдиришти. Ишемби күнкү добуш берүү эркин жана ачык өткөнү айтылууда. Эски режим учурунда жылдар бою шайлоолор бурмаланып келген. 30 жыл бийликте турган президент Хосни Мубарак быйыл февралда элдик толкундоолордун натыйжасында кызматынан кеткен. Ак Үйдүн расмий өкүлү референдумду Египет үчүн "өтө маанилүү окуя" деп баалады.

XS
SM
MD
LG