Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:08

Аба ырайы: Шашылыш кабар


20-марттагы жаан-чачындан улам Кыргызстандын айрым тоолуу аймактарында жана тоо боюндагы жолдордо көчкү түшүшү ыктымал. Жолдор тайгак болот. Айдоочулар жолдо 500 метр аралыкты сактоосу зарыл.

21-мартта Кыргызстандын айрым жерлеринде жаан-чачын болот. Чүй менен Таластын кээ бир аймактарын туман басат. Тоолуу жерлерде жолдор тоңголок, тайгак болот. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, ал эми Ысык-Көл кылаасында 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +3…+8 градус жылуу. Талас облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз +2…+7 градус жылуу. Баткен облусунда түнкүсүн -1…-+4, күндүз +8…+13 градус жылуу.
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…+5, күндүз +9…+14 градус жылуу. Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +4…+9 градус жылуу.
Нарын облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз +6…+11 градус жылуу.
Тоолордо түнкүсүн -20…-25, күндүз -4…-9 градус суук болот.

Бишкекте 21-мартта жаан-чачын болбойт. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -2... -4, күндүз +6...+8 градус жылуу болот. (EBM)

XS
SM
MD
LG