“Фукусима Дайичи” АЭСинен жумушчулар ал жердеги үчүнчү реактордун иштетилген өзөктүк отун сакталуучу кампасынын үстүнө көк түтүн уюлгуп чыккан соң көчүрүлдү. Мунун себептери учурда иликтенүүдө.
Жакындагы жер титирөө менен цунамиден жабыр тарткан бул АЭСте беш реактор бар. Алардын төртөөсү өзөктүк отун катары байытылган уранды, ал эми көк түтүн уюлгуп чыккан үчүнчү реактору плутонийди колдончу.
АЭСтин кызматкерлери бир нече күндөн бери реакторлордун муздатуу системасын калыбына келтирүүгө жана радиация деңгээлин көзөмөлгө алууга аракеттенүүдө. Дүйнөлүк банктын эксперттеринин эсебинде, Жапонияда 11-мартта болгон жаратылыш кырсыгынын акчалай чыгымы 250 миллиард долларга барабар, анын кесепеттерин жоюу үчүн беш жылдай убакыт талап кылынат.
Жапон бийликтери кырсыктан каза тапкандардын саны 18 миң кишиден ашып кетүүсү мүмкүн деп болжолдоодо. Булардын ичинен 8 миңден ашуун адамдын өлгөндүгү ырасталды. Ал эми он үч миңдейи дайынсыз жоголду деп эсептелинүүдө.