Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:27

АКШнын коргоо министри Орусияда жүрөт


Бул Роберт Гейтстин АКШнын коргоо министри катары Орусиядагы акыркы сапары катары каралууда. Быйыл жайда кызматтан кетери күтүлүп жаткан Гейтс иш сапарын баштап жатып, АКШ менен Орусия өз ара алакасын оңдоо жагынан “адаттан тыш” жылыш жасагандыгын белгиледи. Анын айтымында, Орусиянын АКШ баштаган коалиция менен ооган согушундагы кызматташтыгы, БУУнун Түндүк Корея жана Иран боюнча резолюцияларын колдоосу АКШ менен Орусиянын мамилеси тереңдеп бара жаткандыгын ишара кылууда. АКШ коргоо министри ошондой эле Орусиянын Ливия маселесинде калыс туруусу батыштык коалициянын Муаммар Каддафинин режимине каршы аскерий операция баштоосуна мүмкүндүк бергенин кошумчалады. Иш сапары учурунда Роберт Гейтс Орусиянын жетекчилери менен жолугат, Аскер-деңиз академиясында дарс окуйт.

XS
SM
MD
LG