Ливия лидери Муаммар Каддафинин күчтөрү аны бийликтен кулатууну көздөгөн оппозиция жактоочуларына чабуул жасоосуна жол бербөө үчүн коалицияга кирген күчтөр аба соккусун экинчи түн катары менен жасашты. Аба соккуларын жасап жаткан АКШ, Британия, Франция, Италия, Канада жана башка өлкөлөрдүн билдиргенине караганда, БУУнун Коопсуздук кеңешинин резолюциясы талап кылгандай Ливиянын аба мейкиндиги азыр иш жүзүндө учууга болбой турган аймакка айланды.
Буга чейин АКШ Каддафинин режиминин ок атууну токтотуу жөнүндөгү жарыясын четке каккан. Вашингтондун айтымында, мунун мааниси жок жана жарыяланар замат эле кайра Каддафинин күчтөрү тарабынан бузулду.
Режимдин расмий өкүлдөрү аба соккулары учурунда Каддафинин кеңсеси жайгашкан имаратка да ракета тийип, ал имарат бир топ зыян тартканын билдирген эле.
Бирок АКШ армиясынын вице-адмиралы Уильям Гортни бул маалыматты төгүндөп, коалициялык күчтөр БУУнун Коопсуздук кеңешинин резолюциясы аткарылышын камсыздоого гана көңүл буруп жатканын билдирди:
- Биз бул соккулар абдан натыйжалуу болду жана режимдин абадан коргонуу, анын ичинде узак аралыкка эсептелген SA 5 ракеталарын атуу жөндөмүн бир топко төмөндөтүүдө деп эсептейбиз.
Абадан коргонуу жайларынан тышкары Британия, Франция, АКШнын учактары Каддафи армиясынын чыгышта, козголоңчулардын башкы таяныч бекетине айланган Бенгази шаарынын түштүк тарабында топтолгон танктарына жана башка унааларына да сокку урганы кабарланды.