Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:50

Йемендин борборуна танктар жана брондуу техника жайгаштырылды


Бул окуяга тушташ Йемен армиясынын жогорку даражалуу колбашчыларынын бири президент Али Абдулла Салехтин кызматтан кетишин талап кылып жаткан демонстранттар тарапка өткөндүгүн жарыялады. Йемен армиясынын бронетанкалык биринчи дивизиясынын кол башчысы, генерал-майор Али Мохсен ал-Ахмар президентке жакын адам катары эсептелчи.

Мунун алдында өткөн жума күнү өкмөт демонстранттарга күч колдонгондо ондогон адам каза тапкан. Буга байланыштуу дем алыш күндөрү Йемендин чар тарабын нааразылык акцияларынын толкуну каптады. Президент Салех болсо кечээ өкмөтүн отставкага кетирди. Бирок айрым маалыматтарга караганда, йемен өкмөтүнүн министрлери адам өмүрү кыйылган соңку окуяларга нааразылык билдирип, өздөрү эле кызматтан чегинүүнү мерчемдеп жатышкан.

Бул аралыкта БУУнун башкатчысы Пан Ги Мун өкмөттүк күчтөр Сана шаарында демонстранттарга каршы чыныгы ок-дарыларды колдонгонун айыпташты.

XS
SM
MD
LG