Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:21

Коалиция күчтөрү Ливияны 3 күндөн бери бомбалашууда


Ливиянын мамлекеттик телеканалы Триполидеги айрым объекттерге сокку урулганын, баш калаадан алыс эмес жердеги Бусетта шаары бомбаланганын кабарлады. Расмий булактардын ырастоосунда, Мисрата шаары Ливиянын лидери Муаммар Каддафиге ыктаган күчтөргө өттү. Пентагондун өкүлү генерал Картер Хам учуулар үчүн тыюу салынган тилке кеңейтилип, жакын арада 1 миң километрге жетээрин билдирди. Аймакка коалициянын кошумча учактары келүүдө. Ливиянын өкмөттүк армиясынын турумдарына каршы коалициянын аба соккулары 3 күндөн бери уланып келатат.

Чилиде сапарда жүргөн АКШ президенти Барак Обама Ливиянын лидери Муаммар Каддафи бийликтен кетүүгө тийиш деди:

- Каддафинин кетишин талап кылуу – АКШнын саясаты. Бул саясатты колдоо үчүн аскерий аракеттерден тышкары башка жолдорубуз бар.

Франциянын тышкы иштер министри Ален Жюппе расмий Париж Каддафинин режими кулайт деп үмүттөнөөрүн айтты.

XS
SM
MD
LG