Президент Роза Отунбаева Оштогу эки күндүк иш сапарынын алкагында азыр Өзгөндө жүрөт. Аймактык кабарчыбыздын билдиришинче, мамлекет башчы алгач аталган райондогу ун чыгарган ишкананын абалы менен таанышты. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө азык-түлүк каатчылыгын алдын алуу үчүн ун баасын жөнгө салууну, дыйкандарды күйүүчү май менен убагында камсыздоону тапшырды. Отунбаеванын Жогорку Кеңештин төрагасы Акматбек Келдибеков, вице-премьер-министр Ибрагим Жунусов жана облус губернатору Сооронбай Жээнбеков коштоп жүрөт. Президент андан соң Кара-Кулжа районундагы социалдык объекттерди кыдырганы жатат. (EBM