Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:12

Бабанов Хон менен соттошкону жатат


Биринчи вице-премьер-министри Өмүрбек Бабанов ишкер Валерий Хонду аны айыптаган билдирүүсүнө байланыштуу сотко берерин жарыялады. Бабанов Хондун билдирүүсүндө саясий бойок бар экенин, ар-намысына катуу шек келтирген сөздөр жазылганын, ошондуктан өз кадыр-баркын сотто коргой турганын билдирди. Учурда анын адвокаттары сотко кайрылуу үчүн документтерди камдап жатканын маалымдады.

Ишкер Хон Бабановду "көз бойомочу, жалганчы, бирөөнүн мүлкүн тартып алууга ыктуу" деп атап, "мыйзамсыз жол менен ишкерлик кылат" деген бир канча фактыларды келтирип билдирүү тараткан. Бул фактыларды далилдеп бере аларын баса белгилеген.

Былтыр июль айында Бишкекте ишкер Хонду белгисиз адамдар катуу сабап кетишкен. Ишкер өзүнө кол салууну Бабанов уюштурган деп айтып чыккан. Бабанов мындай айыптарды четке каккан. (EBM)

XS
SM
MD
LG