Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:57

Израилдин мурдагы президенти жети жылга кесилди


Моше Кацев "аял зордуктады" жана "аялдарды сексуалдык жактан кемсинтти" деп айыпталды. Сот декабрда Кацевти 1998-жылы туризм министри кезинде кызматчы аялды зордуктады деп, эки берене боюнча айыпталган. Шейшемби күнү (22-мартта) сот Кацевти 2000-2007-жылдары президент болуп турганда эки аялды сексуалдык жактан кемсинткен деп тапты. Моше Кацев коомчуктун кысымынан улам президенттик мөөнөтү бүткөндөн эки апта илгери кызматтан кеткен. Ал кылмышкер деп соттолгон Израилдин биринчи бийик даражалуу жетекчиси. Премьер-министр Бенямин Нетаняху:

"Бул - Израил мамлекети үчүн өзгөчө күн. Бул өкүнүчтүн жана маскарачылыктын күнү, ошондой эле Израилдин сот системасына баа берип, сыймыктанчу күн. Сот жөнөкөй принципти - мыйзам алдындагы теңчилик принцибин кармады. Эч ким мыйзамдан жогору боло албайт",-деди Бенямин Нетаняху.

XS
SM
MD
LG