Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:59

Сали шайлоо өткөрүп болуп, бийликтен кетет


Йемендин президенти Али Абдулла Сали бийликтен 2012-жылы январда парламенттик шайлоо өткөрүлгөндөн кийин кетээри маалымдалды. Президенттин өкүлүнүн (Ахмед ас-Суфи) билдиришинче, Сали мураскерин билбей туруп, бийликтен кетүүнү каалабайт.

Билдирүүнү оппозициянын өкүлү Мохаммед ас-Сарби “кезектеги саясый маневр” деп атады.

Сали кечээ 21-мартта командирлер менен болгон кездешүүдө, ал бийликтен кетүүгө мажбурланса, Йеменде жарандык согуш башталат деп эскерткен:

- Аскерий институттардын бөлүнүүсү өлкөгө жаман таасир этет. Тактыга умтулгандар бийликти күч менен же төңкөрүш жасап ала албасын билиш керек. Бул жарандык согушка алып барат. Бул кандуу согушка алып барат. Эл куралданган.

22-мартта АКШнын Коргоо министри Роберт Гэйтс Йемендеги бейстабилдүүлүк Вашингтонду тынчсыздатнтканын билдирди.
Салихтин 32 жылдык башкаруусуна каршы чыккан эл менен коопсуздук күчтөрүнүн кагылыштарында ондогон адамдардын каны төгүлдү.

XS
SM
MD
LG