Украина прокуратурасы мурдагы президент Леонид Кучманын журналист Георгий Гонгадзени өлтүрүүгө тиешесин иликтеп жатат. Баш прокурордун биринчи орун басары Ренат Кузминдин айтымында, Кучма "кызмат абалынан пайдаланып, Ички иштер министрлигине журналисттин өлтүрүлүшүнө алып келген мыйзамсыз буйрук берген" деп шектелүүдө.
Мурдагы президентти сындап келген оппозициялык журналист Гонгадзени 2000-жылы белгисиз бирөөлөр уурдап кетишкен. Анын сөөгү бир нече айдан кийин Киевдин жака белиндеги токойдо табылган.
Мурдагы президентти сындап келген оппозициялык журналист Гонгадзени 2000-жылы белгисиз бирөөлөр уурдап кетишкен. Анын сөөгү бир нече айдан кийин Киевдин жака белиндеги токойдо табылган.