Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:03

"Фукусиманын" бир реакторуна электр кубаты бериле баштады


"Фукусима" өзөктүк станциясынын өзгөчө жабыркаган 3-реакторуна электр кубаты берилди. Бир нече саат мурун станциянын бардык 6 реакторунда электр зымдары калыбына келтирилген. Адистер эми муздатуу системасын кайрадан иштешин тездетүү үчүн өбөлгө түзүлдү деп үмүттөнүшөт. Ал тапта Өзөктүк кубат боюнча эл аралык агенттик табигый кырсыктан жабыркаган станциядан радиация дагы эле сыртка чыгып жатканын билдирди. Бирок адистер анын очогун аныктай албай жатышат. Токионун электр кубат компаниясы энергиянын бериле башташы үчүн дагы убакыт керектигин айтууда. Радиация коркунучунан улам премьер-министр Наото Кан элди Фукусима чөлкөмүндө өндүрүлгөн жашылчаны жебей турууга үндөдү.

XS
SM
MD
LG