Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:28

Израилдин ракеталарынан палестиналыктар каза тапты


Палестинанын расмий адамдары Израил аскерлеринин соккусунан Газа тилкесинде бир үй-бүлөдөн 4 киши набыт болуп, 13 киши жараат алышканын билдиришти. Окко учкандардын үчөө, маалыматтарга караганда, жашы жетелек балдар болчу. Израил армиясы Газа шаарынын чет жакасына ракета атканын бышыктады. Анын алдында Израил тарапка ракета түшкөнү айтылууда. Жөөт куралдуу күчтөрүнүн өкүлү карапайым адамдардын жапа чегишине байланыштуу өкүнүчүн билдирди. Көп өтпөй Газанын дагы бир бөлүгүндө согушкерлер деп шектелген палестиналык 4 киши Израилдин ракеталарынан каза тапты.

XS
SM
MD
LG