Бул тууралуу Жогорку Соттун маалымат кызматы билдирет. 18-мартта болгон соттук процессте Бишкек гарнизондук аскер сотунун судьясы Дамир Оңолбеков төрагалык кылган соттук курам ишти кайра башынан кароого алган. Айыпталуучулардын кимисине кандай айыптар коюлганы тактоого алынып, апрель окуясына “Матрешка гейт”, жана “Түндүкэлектр” ачык акционердик коомунун мыйзамсыз сатылышы боюнча иштер да кошулуп каралмакчы болгон.
2010-жылы 7-апрелде өкмөт үйүнүн алдында демонстранттарга каршы ок атылып, 87 адам каза тапкан. Бийлик алмашкан соң бул окуя боюнча мурдагы президент Курманбек Бакиев баштаган 28 чиновникке жана күч түзүмдөрүнүн айрым өкүлдөрүнө каршы кылмыш иши козголгон. Сот жараяны Бишкектеги спорт сарайында жүрүп, 30-ноябрдын таңында спорт сарайдын жанындагы жардыруудан соң ишти кароо белгисиз мөөнөткө жылдырылган болчу. (IJz)