Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:32

Кыргызстанга Ханзаада Рахим Ага Хан келди


Кыргызстанга иш сапары менен Ханзаада Рахим Ага Хан келди. Ал бүгүн Бишкектеги Кыргыз инвестициялык кредит банкынын (KICB) баш кеңсесинин ачылыш аземине катышмакчы. Аталган банктан билдиришкендей, каржылык операциялар боюнча кардарларды тейлөө иштери бул күнү шашкеге чейин гана жүргүзүлмөкчү. Банктын баш кеңсесинин ачылыш аземине президент Роза Отунбаева да катышып, ара чолодо Ханзаада Ага Хан менен кеп алышмакчы.

Ханзаада Ага Хан исмаилчи мусулмандардын руханий лидери, “Ага Хан өнүктүрүү желесинин” түзүүчүсү Улуу даражалуу Ага Хандын улуу баласы. Ханзаада Рахим Ага Хан “Ага Хан корунун” экономикалык өнүктүрүү боюнча мүдүрү болуп саналат. (IJz)

XS
SM
MD
LG