24-март – Элдик ыңкылап күнү. Бул күнү 2005-жылы мурдагы президент Аскар Акаевдин башкаруусуна нааразы болгон миңдеген демонстранттар өкмөт үйүнүн алдына чогулуп, милицияны четке сүрүп таштап Ак үйгө кирип барган. Натыйжада президент үй-бүлөсү менен Кыргызстандан качып чыгууга аргасыз болгон. Ошол кездеги оппозиция макулдашылган талапкер катары Курманбек Бакиевди президенттикке сүрөп, Бакиев президенттикке келгенден бир жыл өтпөй кайрадан бийликти бир колго топтоосу байкалган. Буга нааразы болгон ошол кездеги парламент депутаттары 24-мартты майрам катары белгилөө сунушун кабыл алган эмес. Бирок 2007-жылы К.Бакиев парламентти таратып, жаңы шайланган парламентке өзү түзгөн “Ак жол” партиясын алып келген. 2008-жылы “Ак жол” партиясы бул күндү майрам катары белгилөө сунушун колдоп берген. (IJz)