Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:07

Сириядагы кагылышууларда 15 киши каза болду


Кошмо Штаттары Сирия бийлигин Дараа шаарында демонстранттарга каршы күч колдонгондугу үчүн айыптады. 23-мартта түштүктөгү Дараа калаасында коопсуздук күчтөрүнүн огунан кеминде 15 киши каза тапкан. Демонстранттар саясий эркиндиктерди, реформаларды талап кылып жатышат. Жүздөгөн киши жергиликтүү мечитке кирүүгө аракеттенген полициячылардын жолун торогондо кагылышуулар тутанган. Мечитте 18-марттан бери демонстранттар чатырларды тигип жашап атышкан. Сирия өкмөтү урушту “куралчан бандиттер” башташкан деп айыптады. БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун бейкүнөө адамдардын өлүмүн иликтөөгө чакырды. Бир нече күн мурун мечиттин жанында полиция менен өкмөткө каршы чыккан элдин ортосунда болгон кагылышуудан 6 киши набыт кеткен. Демонстранттар чукул кырдаал мыйзамын жоюуну, кээ бирлери болсо президент Башар Ассаддын бийликтен кетишин талап кылышууда. Президент атасы Хафез Ассаддын ордун 2000-жылы ал каза болгондон кийин баскан.

XS
SM
MD
LG