Голливуддун даңазалуу актрисасы Элизабет Тейлор 79 жаш курагында дүйнө салды. Тейлор 23-мартта Лос-Анжелестеги клиникада жүрөк оорусунан көз жумду. Англиядан Америкага бала кезинде көчүп барган актриса киного биринчи жолу 12 жашында эле тартылган. Аны көптөрү Клеопатранын образы боюнча жакшы билишет.