Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:02

Балдар катышкан 100дөн ашуун жол кырсыгы катталды


Жыл башынан бери Кыргызстанда балдар аралашкан 116 жол кырсыгы катталып, натыйжада 9 бала өлүп, 124ү жаракат алды. Жол кыймылынын коопсуздугу башкы башкармалыктан билдиришкендей, балдар көбүнесе жолдо жүрүүнүн эрежесин жакшы билбегендиктен, улуулар жетелеп өткөрбөгөндүктөн машинага урунуп калышат. Аталган башкармалык айдоочуларды балдар көп өтө турган жерлерде сак болууга, ата-энелерди балдарына жолдо жүрүүнүн эрежесин кайталап үйрөтүп турууга чакырды. Былтыр жол кырсыгынан 113 бала каза тапкан. (EBM)

XS
SM
MD
LG