Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:49

НАТО Ливиядагы операциянын бир бөлүгүнө гана командачылык кылат


НАТО Ливиядагы аскерий операциянын бир бөлүгүнө гана командачылык кылат. Бул тууралуу альянстын баш катчысы Андерс Фог Расмуссен билдирди. НАТОнун аскерлери өлкөнүн аба мейкиндигин гана кайтарууга алышмакчы. Баш катчынын айтымында, БУУнун резолюциясы алкагында жүргүзүлүп жаткан жалпы аскерий операцияга кеңейтилген эл аралык коалиция көзөмөл кылат. Буга чейин Түркиянын тышкы иштер министри Ахмет Давутоглу командачылык толугу менен НАТОго өтүүгө тийиш деп ырастаган. 24-мартта эл аралык күчтөр Ливиядагы аскерий жайларга соккуларын улантышты. Соңку 24 сааттын ичинде каддафичилердин турумдарына 14 ракета атылды. Кечээ Батыштын согуш учактары Шаба шаарына сокку урушту. Мисрата шаарынын үстүнөн ливиялык согуштук 1 учак атып түшүрлдү. Дагы бир кабарга ылайык, Бириккен Араб Эмираттары эл аралык коалицияга 12 учак жиберүүгө макул болду. Франциянын президенти Николя Саркози Эмираттын падышасы менен сүйлөшүп, ал учактарды жиберүү чечимин билдиргенин айтты. Буга чейин араб мамлекеттеринен Катар 2 согуш учагы менен 2 транспорт учагын коалициянын алкагында Ливияга жиберген. БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун Коопсуздук кеңешинин жыйынында сүйлөп, Ливиянын өкмөттүк армиясы эл аралык коомчулуктун ок атууну токтотуу талабын аткарбай жатат деп билдирди. Ал эми Африка биримдигинин Эфиопиядагы бүгүнкү жыйынына Ливиянын оппозициясы катышмай болду.

XS
SM
MD
LG