Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:55

Беларуста эки активист соттолду


Беларуста оппозициянын эки активисти "бейбаштык" деген айып менен соттолду. Расмий катталбаган Жаштар майданын лидери Змицер Дашкевич 2 жылга, кыймылдын мүчөсү Эдуард Лобов 4 жылга эркинен ажыратылышты. Алар былтыр 19-декабрдагы президенттик шайлоонун жуп алдында көчөдө кетип бараткан адамды сабашкан деген айып боюнча камалышкан. Оппозициянын ырастоосунда, бийлик активисттер шайлоодон кийин нааразылык чараларын уюштуруп жиберишет деп чочулашкан. Шайлоодон кийин массалык нааразылык тутанып, бийлик аны күч менен баскан. Ал аралыкта президенттикке мурдагы талапкер Алес Михалевич Чех жумуриятында саясий баш паанек алды. Оппозиционер Беларустагы абакта кыйноолорго туш болгонун айтууда.

XS
SM
MD
LG