Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2023-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:58

ЖК террорчулукка каршы кадр даярдоо маселесин талкуулады


Жогорку Кеңеш бүгүнкү отурумунда Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттерде терроризмге каршы түзүмдөр үчүн кадрларды даярдоо тууралуу макулдашууну карап, биринчи окууда жактырды. ШКУга мүчө мамлекеттер мындай макулдашууга 2009-жылы июнь айында Орусиянын Екатеринбург шаарында кол коюшкан. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчиси Кеңешбек Дүйшөбаев бул документ Кыргызстандын коопсуздугу үчүн өтө маанилүү экенин белгилеп, Казакстан, Орусия жана Кытайда макулдашууну күчүнө киргизүү боюнча ички жол-жоболордун баары аткарылып бүткөнүн айтты. (EBM)

XS
SM
MD
LG