Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:25

Кыргызстан ИКУ менен кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар


Бүгүн президент Роза Отунбаева Бишкекте Ислам Конференция уюмунун (ИКУ) баш катчысы Экмеледдин Ихсаноглу менен жолукту. Анда тараптар саясий, экономикалык, гуманитардык жана туризм жаатында алака-катышты өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Билим берүү, агрардык жана экологиялык долбоорлорду ишке ашыруу тууралуу сөз болду. Президенттин маалымат кызматынын билдиришинче, Отунбаева анда Кыргызстан аталган уюм менен кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирди. Ихсаноглу өнүгүү үчүн туруктуулук керек деп белгиледи. (EBM)

XS
SM
MD
LG