Бүгүн кыргыз өкмөтү жыйын өткөрүп, анда жаңы мамлекеттик уюкфон компаниясын түзүү долбоору жактырылды. Премьер-министр Алмазбек Атамбаев эми бул долбоор кеңири талкуудан өтүшү керектигин билдирди. Байланыш агенттигинин башчысы Алмазбек Кадыркулов уюкфон компаниясын ачууга радиожыштык алуу үчүн 18 арыз түшкөнүн, ар кандай будамайлоолорду алдын алуу үчүн компания түзүп, аны кийин аукцион аркылуу сатуу чечими кабыл алынганын маалымдады. Жаңы компаниянын баштапкы баасы 90 миллион сом болот. Атамбаев жыйында мындан ары ар бир жыштык аукцион аркылуу сатыла турганын белгиледи. (EBM)