Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:19

Швейцарияда Каддафи, Мубарак, Али каткан акча табылды


Швейцариянын банктарынан Муаммар Каддафиге таандык 360 миллион швейцария франкы же 416 миллион АКШ доллары табылды. Швейцариянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Ларс Кнюхел ошондой эле Египеттин мурдагы президенти Хосни Мубаракка тиешелүү 410 миллион франк жана Тунистин мурдакы президенти Зине ал-Абидине бен Алиге караштуу 60 миллион франк табылганын маалымдады. Кнюхел акча кайсы шаарлардын банктарында сакталганын айткан жок. Кнюхелдин айтышынча, Тунис жана Египеттин бийликтери банктардагы акчаларды кайтарып алуу боюнча Швейцариянын прокуратурасы менен чогуу иштешүүдө.

XS
SM
MD
LG